Домой Новости Бакасов: «Биримдик» ар бир адамдын саламаттыгы үчүн кам көрөт

Бакасов: «Биримдик» ар бир адамдын саламаттыгы үчүн кам көрөт

52
ПОДЕЛИТЬСЯ

Калк саламаттыгына кам көрүү маселеси биринчи кезектеги маселелерден экенине июнь-июль айларында кеӊири кулач жайган коронавирус пандемиясы учурунда көзүм жетти. Буга чейин апам өзү дарыгер болуп, ооруканага деле көп кайрылбагандыктанбы, чынында эле саламаттыкты сактоо тармагынын ал-ахвалы туурасында маалыматым деле жок болчу. Муну мен ооруканаларга адам батпай, дары-дармек жетишпей, зарыл-керек медициналык жабдуулар табылбай эл башына күн түшүп турган учурда, элиме кантип жардам берсем деп чуркап жүргөнүмдө даана түшүндүм. Анда шайлоого катышам деген деле ой жок болчу, элдин суроосу менен тез жардам унаасын алдырып берейин деп жүргөн кезим болчу. Оору башталары менен эле дары-дармектин баасы асман чапчып, ооруканалардын кемчилиги оркоюп көрүнүп, дем алдыруучу аппараттар жок, ооруну аныктай турган лабораториялык жабдуулар жетишсиз болуп чыга келди. Капыстан келчү мындай оор кырдаалда саламаттыкты сактоо тармагын башкаруунун заманбап системасы жок болуп чыкты. Калп айткан менен болобу башаламандык болуп, алапайыбызды таппай, кайсалап калган учурлар болду. Мына ушул жерде, Манас эпосунда айтылгандай «капилеттен сөз тапкан, караӊгыда көз тапкан» адамдардын чыкканы, кыргыз элинин ынтымагы менен биримдиги абалды кыйла жеӊилдетип кеткенин айтпасам болбойт.
Мен буларды эмнеге айтып жатам жана шайлоого эмнеге баратам? Биринчиден, жалгыз дарак токой болбойт дегендей жалгыз адам канчалык аракет кылган менен аталган тармактын көйгөйүн баары бир чечип жибере албайт экен. Анүчүн, пикирлеш-тилектештериӊ, саламаттыкты сактоо тармагын чын эле реформалоого белсенген, ооруканаларды заман шартына ылайык жабдууга баш оту менен киришкен тарапташтарыӊ болушу керек тура. Бул тармактын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүүнүн бир жолу бул Жогорку Кеӊеш. Экинчиден, элдин толук кандуу медициналык жардам алалбай дагы бир жолу жапа чегишин каалабайм.
Калк саламаттыгына кам көрүүнүн мындан аркы жолун мен «Биримдик» партиясынын программасынан таптым. Башка да социалдык маселелерди кандай чечүүнүн жолдору ачык-даана жазылыптыр.Мен ошон үчүн «Биримдик» партиясы менен бирге барууну туура көрдүм.
«Жеткиликтүү жана сапаттуу медицина. Ар бир адамдын саламаттыгы – бүткүл улуттун бакубатчылыгынын кепилдиги»-деп бадырайып жазылып турат.
Кыскача жалпак тил менен айтканда эгерде «Биримдик» партиясы жеӊишке жетишсе, учурдан пайдаланып дары-дармектерди обу жок кымбаттатып жиберүү деген болбойт. Дары-дармектерге, медициналык каражаттарга болгон бааны жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгабыз.
Ооруканалар менен клиникаларды, медлабораторияларды метариалдык-техникалык жактан ырааттуу жабдуу колго алынат.
Саламаттыкты сактоо тармагын толугу менен санариптештирүүнү ишке ашыруу заман талабы.(оорунун электрондук баяндамасы, амбулатордук картасы, лабораториялык системасы, электрондук рецеби, башкаруу ж.б.).
Акысыз медициналык кызмат көрсөтүү сөздүн чын маанисинде. Аты бар заты жок учурлар күндөлүк турмушубузда кездешип эле жүрбөйбү.
Ал эми врачтар менен башка медкызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу биринчи кезектеги маселелерден болууга тийиш. Чынын айтканда, калк саламаттыгы үчүн кам көрүп келаткан медиктердин айлыгы туурасында айткандан да уяласыӊ. Пандемия маалында эӊ эле социалдык колдоого муктаж болгондордун алдыӊкы сабында врачтар, медайымдар тургандыгы маалым болду.
Ошону менен эле медициналык билим берүүгө жөн салды мамиле кылууга болбойт. Анын артында адам өмүрү, келип-келип калк саламаттыгы маселеси турат. Дени сак адам, дени сак улут кана өлкөнүн өнүгүшүнүн башкы өбөлгөсү деп ойлойм.
Азыркы учурда алдыӊкы дүйнө өлкөлөрү коронавируска каршы күрөшүүнүн жолдорун издеп, анын дарысын табуунун аракетин көрүп жатат. Биздин болсо андай чамабыз жок. Демек, медицина илимин өркүндөтүү, бул багыттагы иштерге олутуу мамиле кылуу керектигин турмуш көрсөтүп жатат.
Пандемия сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүгө жарамдуу медициналык кызмат болсо да жаман болбос эле.
Чечмелеп айта бере турган болсок «Биримдик» партиясы алдыга койгон максаттар абдан арбын жана ишке ашыруунун жолдору, мүмкүнчүлүктөрү да эске алынган. Демек, мен жогоруда айтып жаткан маселелер кургак сөз эмес. «Биримдик» ар бир адамдын саламаттыгы үчүн кам көрөт.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.