Домой Новости Т.Зулпукаров: «Бизге административдик ресурстун кереги жок — биз программабызга жана идеологиябызга ишенебиз»

Т.Зулпукаров: «Бизге административдик ресурстун кереги жок — биз программабызга жана идеологиябызга ишенебиз»

310
ПОДЕЛИТЬСЯ

 

Т.Зулпукаров: «Бизге административдик ресурстун кереги жок — биз программабызга жана идеологиябызга ишенебиз»

ЭЛТР телеканалында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Оппоненттердин ар кандай суроолоруна жооп берип жатып, «Биримдик» демократиялык социализм — евразиялык тандоо” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров «Биримдик» партиясы өзүнүн күчүнө, өзүнүн программасына жана идеологиясына гана ишенээрин белгиледи.

«Биздин талапкерлердин тизмеси элдин урмат-сыйына татыган кесипкөй инсандардан куралган. Алар өлкөнү ар тараптан өзгөртүүгө даяр. Биздин катарда натыйжалуу жана кандай иштөө керектигин иши менен далилдей алган чиновниктер жана башкаруучулар бар. Эгерде кандайдыр бир административдик ресурстар колдонгону катталса алар тиешелүү органдарга арыз менен кайрыла алышат”, — деди ал.

Ал эми “Биримдик” партиясынын “евразиялык тандоо жана демократиялык социализм” эмнени түшүндүрөт деген суроого, Зулпукаров, ал боордош өлкөлөр жана стратегиялык өнөктөштөр менен биргелешкен келечек куруу идеяларына негизделген, деп жооп берди. «Евразиялык тандоо — бул бүгүнкү күндүн реалдуулугун жаңыча түшүнүү. Бул, түпкүлүгүндө, биздин тарыхыбыз жана биздин келечегибиз. Миң жылдан бери биз, кыргыздар, башка этностор жана элдер менен катар Евразияда тыгыз жашап келе жатабыз. Бир мезгилде биз Орхон-Енисейден Венгрияга чейин кубаттуу каганат кура алдык. Мунун бардыгы — тиешелүүлүгүнө жараша биздин тарыхыбыз жана келечек өнөктөштөр менен тыгыз жана бир туугандык мамиледе », — деди «Биримдик» партиясынын лидеринин орун басары.

Төрөбай Зулпукаров суроолорго жооп берип жатып ““Биримдик” демократиялык социализм — евразиялык тандоо” партиясыны парламентке өтсө партиянын катарында өкмөттүн курамында иштей алган, татыктуу премьер-министр боло турган жогорку квалификациялуу кадрлар көп. Дайындоо маселелерин кеңешип, талдап, кылдаттык менен чечебиз. Биздин катарда элдин урмат-сыйына ээ болгон эң ишенимдүү кадрлар бар” — деп баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус пандемисы туу чокусуна жеткенде партия мүчөлөрү эмне иш алып барды деген суроого Зулпукаров, ал учурда талапкерлер күнү түнү оору менен күрөшүүдө өз салымын кошуп, жардам берип келгенин айтты.

«Биздин көптөгөн талапкерлерибиз пандемия күчөп турганда алдыңкы катарда турушуп, калкка гуманитардык, материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Атап айтканда, алар ооруканаларды ачып, дары-дармектерди алып берип, техникалык жабдууларга жардам беришти. Мисалы, биздин талапкер Улан Бакасов 9 тез жардам унаасын сатып алып, азык-түлүк жардамын көрсөттү. Дагы бир талапкерибиз Улан Примов өз фондунан Бишкек, Ош шаарларынан баштап алыстагы айыл аймактарга чейин жардам бөлүп берди. Талант Иманов ыктыярчылык жардамын берип жатты.бул мен атап өткөнөрдүн аз гана бөлүгү”, — деди ал.

Партиянын лидеринин орун басары “Биримдик” партиясы парламентке өтсө, учурдагы кырдаалдан чыгуу жана процессти так көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн антикризистик планын кеңири изилдеп чыгууга ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи. «Пандемия чоң сабак берди, биз тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып, ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек» деди ал.

Төрөбай Зулпукаровдун айтымында “Биримдик” партиясынын тизмеси патриоттуулук принциптеринен жана өлкөгө кызмат кылууну каалаган инсандардан түзүлгөнүн айтты. «Талапкерлердин тизмеси түзүлүп, тандоо жүрүп жатканда, партия улуттук, диний жана башка айырмачылыктарына караган жок. Тандоо билим берүү, мекенди сүйүү, эмгекке умтулуу, жаратуу, кадыр-барк жана башка принципиалдуу талаптар сыяктуу критерийлердин негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, партия бүгүнкү күндүн мыкты кадрларын топтой алды. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бүгүнкү президенттин башкы оппоненттеринин бири болгон талапкер биздин арабызда алдыңкы орунда турат. Анан кантип биздин партия президенттин партиясы болуп калсын? Биз элдик партиябыз”, — деп өз сөзүн жыйынтыктады»Биримдик» демократиялык социализм — евразиялык тандоо” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров